Ош шаардык прокуратурасында ишкерлердин укуктарын коргоо боюнча жыйын өткөрүлдү. Жыйынга прокурордун орун басары Заирбек Тойчубаев, салыкчылар, ишкердик субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүгө укугу бар ыйгарым укуктуу органдар жана жеке ишкерлер катышты.
Жыйында өлкө башчысынын "Ишкердик субъекттерге салык контролун жүргүзүүгө убактылуу тыюу салууну (мораторий) киргизүү жөнүндө" жарлыгынын жана башкы прокурордун 2026-жылдын 13-февралындагы көрсөтмөсүнүн талаптарынын аткарылуусу боюнча маселе каралды.
Жыйындын жүрүшүндө салык органдарында катталган ишкердик субъекттерге мыйзамсыз текшерүүлөргө, салык органдары тарабынан жүргүзүлүүчү салык контролун жүргүзүүгө 2026-жылдын 31-декабрына чейин мораторий киргизилгендиги түшүндүрүлдү.
Ошондой эле бул багытта укук бузуулар болсо ишкерлер төмөнкү жолдор менен прокуратура органдарына кайрыла алышат:
0773041616 ишеним телефону;
"Бизнести коргоо" мобилдик тиркемеси (App Store жана Google Play'де жеткиликтүү);
www.prokuror.kg расмий сайты.\
