ӨКМ эскертет: Тоолуу аймактарда кар көчкү түшүшү күтүлүүдө
Новость

24–26-февралда күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу аймактарында кар көчкү, кар күрткүсү жана жолдордун тайгак болушу күтүлөт.

Өзгөчө кооптуу тилкелер: 

Бишкек–Ош (Төө-Ашуу, Ала-Бел);

Бишкек–Нарын–Торугарт (Долон ашуусу); 

Балыкчы–Казарман–Жалал-Абад (Көк-Арт); 

Каракол–Эңилчек (Чоң-Ашуу);

Айдоочуларга унаалардын ортосунда кеминде 500 метр аралыкты сактоо сунушталат.  ӨКМ тиешелүү кызматтарга шашылыш билдирүүлөрдү жөнөтүп, калкка уюлдук операторлор, радио жана телеберүүлөр аркылуу эскертүүлөр берилүүдө.