Кыргызстан менен Мальдив түз аба каттамын ачууну талкуулады
Новость

ТИМ башчысы Жээнбек Кулубаев Женева шаарында Мальдивдин тышкы иштер министри Абдулла Халил менен жолугушту. Жолугушуу Бириккен Улуттар Уюмунун Адам укуктары боюнча кеңешинин жана Куралсыздануу боюнча конференциясынын жогорку деңгээлдеги сегменттеринин алкагында өттү.

Тараптар саясий, экономикалык жана маданий байланыштарды кеңейтүүнү, ошондой эле түз аба каттамын ачуу мүмкүнчүлүгүн талкуулашты. Жыйынтыгында кызматташууну өнүктүрүүгө өз ара кызыкдар экенин ырасташты.

Кулубаев мальдив тарапты 2026-жылкы Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына жана 2027-жылдын октябрында өтө турган II Глобалдык тоо саммитине катышууга чакырды.