Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясына (УИА) 26 бирдик атайын кызматтык автотранспорт каражаттарын тапшырды.
Бул транспорт каражаттары УИАнын илимий мекемелеринин материалдык-техникалык базасын чыңдоо максатында археологиялык, геологиялык, геофизикалык, биологиялык жана башка талаа илимий-экспедициялык изилдөөлөрдү жүргүзүү үчүн 44 800 000 сомго сатылып алынган.
Унааларды тапшыруу аземинде МинКаб башчысынын орун басары Эдил Байсалов сөз сүйлөп, Улуттук илимдер академиясына мамлекет тараптан ар тараптуу колдоо болуп, УИАнын имараты толук жаңыланганын жана кызматкерлердин айлык маянасы эки эсеге жогорулаганын белгилеп, эми бул автотранспорт каражаттары өлкөнүн жетүүгө кыйын жана алыскы аймактарында жүргүзүлүүчү илимий изилдөөлөрдү, экспедициялык иштерди камсыз кылууга, ошондой эле мамлекеттик илимий жана илимий-техникалык тапшырмаларды аткарууга көмөк болоорун кошумчалады.
Ошондой эле МинКаб башчысынын орун басары Эдил Байсалов мамлекет илим чөйрөсүн өнүктүрүүгө мындан ары да басым жасаарын белгилеп, Кыргызстандын алдында бир катар стратегиялык милдеттерди ишке ашыруу турганын жана аны ишке ашырууда мамлекет илим чөйрөсүнөн, инновациялык чечимдерди жана экономиканын өсүшүнө кошкон реалдуу салымды күтөөрүн билдирди.
Өз кезегинде Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын президенти Канатбек Абдрахматов сөз сүйлөп, көрсөтүлүп жаткан колдоо үчүн мамлекеттин жетекчилигине ыраазычылыгын билдирди.






