Чыңгыз Токтобеков Япониянын Стамбулдагы Башкы консулу менен жолугушту
Новость

Бүгүн, 24-февралда Кыргыз Республикасынын Стамбул шаарындагы Башкы консулу Чыңгыз Токтобеков консулдуктун имаратында Япониянын Стамбул шаарындагы Башкы консулу Ивама Рёдзи менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки тараптуу кызматташуунун учурдагы абалы жана аны мындан ары өнүктүрүүнүн келечектүү багыттары боюнча пикир алышты. Ошондой эле консулдук тармактагы өз ара аракеттенүүнү кеңейтүү, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык байланыштарды чыңдоо, биргелешкен иш-чараларды уюштуруу маселелери талкууланды.

Тараптар мындан аркы пайдалуу сунуштарды камтыган диалогду улантууга жана өз ара кызматташууну бекемдөөгө кызыкдар экендигин билдирди.

IMG_8375.jpeg 1.14 MB