2026-жылдын 24-февралында Женева шаарында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен Словения Республикасынын Премьер-министринин орун басары, Тышкы жана европалык иштер министри Таня Файондун жолугушуусу болуп өттү.
Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар кыргыз-словен мамилелеринин азыркы абалы жана өнүгүү келечегин талкуулап, эки тараптуу жана эл аралык уюмдардын алкагында кызматташууну андан ары чыңдоого өз ара кызыкдар экендигин ырасташты.
Тараптар кыргыз-словен өнөктөштүгүн мындан ары да ырааттуу өнүктүрүүгө умтуларын тастыкташты.