Бийик тоолордогу электр тармактарын дрондор көзөмөлдөй баштайт
Новость

Кыргызстан улуттук электр тармагы бийик тоолуу аймактардагы электр тармактарын дрондор аркылуу көзөмөлдөө долбоорун баштады. Компания бул багытта Бизнес Стандарт ЖЧКсы менен меморандумга кол койду.

Пилоттук долбоор жогорку чыңалуудагы аба чубалгыларын текшерүүгө багытталган. Дрондор тик учуп-конууга ылайыкташкан, 150 чакырымга чейинки аралыкты камтыйт жана 8 саатка чейин уча алат.

Долбоор ата мекендик өндүрүштү колдоого жана жетүүгө кыйын аймактардагы энергетиктердин ишин жеңилдетүүгө шарт түзөт.