Эркин күрөш боюнча кыргызстандык балбандар MUHAMET MALO–2026 рейтингдик турниринде күч сынашат
Новость

Бүгүн, 25-февралда Тирана шаарында (Албания) спорттук күрөш боюнча экинчи рейтингдик MUHAMET MALO–2026 турнири башталат. Мелдешти алгач эркин күрөш боюнча балбандар ачып, 57, 61, 65, 70 жана 74 кг чейинки салмак категорияларында килемге чыгышат.

57 кг чейинки салмак категориясында Абдымалик Карачов мелдешти 1/16 финалдык баскычынан баштап, Түркиянын спортсмени Мухаммет Каравус менен кез келсе, 61 кг чейинки салмакта Бекзат Алмаз уулу 1/16 финалда АКШлык Жеймс Десанто менен күч сынашат.

65 кг чейинки салмак категориясында Билол Шарип уулу (65 кг чейин) алгачкы беттешин албаниялык Эндрио Авдылиге каршы өткөрөт. Ушул эле салмакта Осконбай Абдисаматов (65 кг чейин) румыниялык Стефан Коман менен таймашат.

70 кг чейинки салмакта Эрназар Акматалиев старттык беттешинде россиялык Ибрагим Ибрагимовго каршы чыгат. Залкарбек Табалдиев (70 кг чейин) менен Рустамжан Кахаров (70 кг чейинки) турнирди өз ара беттеш менен башташат.

74 кг чейинки салмак категориясында Орозобек Токтомамбетов азербайжандык Канан Хейбатов менен күрөшөт. Ал эми Адилет Акылбеков АКШнын өкүлү Куинси Манди менен беттеш өткөрөт.

Беттештер Бишкек убактысы боюнча саат 15:30да башталат.