КР Коопсуздук кеңешинин катчысы Адилет Орозбеков бүгүн, 25-февралда, Баткен облусунда жыйын өткөрдү.
Жыйынга облус жетекчилиги, укук коргоо органдарынын жана күч түзүмдөрүнүн жетекчилери, мамлекеттик бийликтин аймактык органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү катышты.
Аймакты өнүктүрүү, коомдук коопсуздукту жана туруктуулукту камсыз кылуу, өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана өз убагында чара көрүү боюнча пландардын ишке ашырылышы каралды.
Коопсуздук кеңешинин катчысы Адилет Орозбеков ошондой эле облустун бир катар калктуу конуштарына барып, аймактын тургундары менен жолугушту.

