Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев 2023–2027-жылдарга тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча беш жылдык аракеттерди даярдоо жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин экинчи жыйынын өткөрдү. Жыйын Президенттин тоо иштери боюнча атайын өкүлү, Жогорку Кеңештин депутаты, министрликтер менен ведомстволордун жетекчилери, Президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү жана мэрия башчыларынын катышуусунда өттү.
Жыйынды ачып жатып, МинКаб башчысы Кыргыз Республикасынын Президенти тоолуу аймактарды өнүктүрүү маселесин эл аралык деңгээлде ырааттуу түрдө алдыга жылдырып жатканын белгиледи. Тактап айтканда, 2021-жылдын 14-сентябрында Нью-Йоркто БУУнун Башкы Ассамблеясынын 76-сессиясынын жалпы дебаттарынын жүрүшүндө Президент тоолорду туруктуу өнүктүрүү, тоолуу өлкөлөрдүн көйгөйлөрү, мөңгүлөрдүн эриши жана климаттын өзгөрүшү, ошондой эле тоолуу маселелер боюнча глобалдык саясатты күчөтүү зарылдыгы тууралуу маселелерди көтөргөн.
Кыргызстандын Президентинин демилгеси боюнча БУУ 2023-2027-жылдарды тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча беш жылдык аракеттер деп жарыялаган. Ушул глобалдык демилгелердин алкагында 2023-жылдын 15-сентябрында Президенттин «2023–2027-жылдарды тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча беш жылдык аракеттер деп жарыялоо жөнүндө» Жарлыгы кабыл алынып, анын негизинде Уюштуруу комитети түзүлгөн.
«Кыргызстан тоолуу аймактардын глобалдык көйгөйлөрүн чечүүнүн башында туруп, демилгечи болуп, тоолорду туруктуу өнүктүрүү маселелеринде башка өлкөлөргө үлгү болушу керек. Бул максаттарга жетүү үчүн 2023-жылы Министрлер Кабинети тарабынан Беш жылдыкты өткөрүү концепциясы жана Жол картасы бекитилген», — деп баса белгиледи Министрлер Кабинетинин башчысы.
Жыйындын жүрүшүндө тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча 2025-жылга карата иш-аракеттердин беш жылдык жол картасынын глобалдык, регионалдык, улуттук жана жергиликтүү деңгээлдерде аткарылышынын жүрүшү, ошондой эле тоолуу аймактарды комплекстүү изилдөө жана 2026-жылга карата иш-чаралар планын бекитүү маселелери каралды.
Биринчи маселени кароонун жыйынтыгында бир катар министрликтердин жана ведомстволордун отчеттуулукту өз убагында жана талаптагыдай берүү боюнча иши канааттандырарлык эмес деп табылды. Министрлер Кабинетинин башчысы Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Министрлер кабинетинин чечимдеринин аткарылышын контролдоо башкармалыгына иш-чаралар планынын жол картасын аткарбаган кызмат адамдарына карата тартиптик жаза чараларын колдонуу боюнча сунуштарды киргизүүнү тапшырды.
Экинчи маселе боюнча мамлекеттик органдардын жетекчилерине Улуттук стратегиялык демилгелер институту менен тыгыз байланышта тоолуу аймактарды комплекстүү изилдөө боюнча ишти активдештирүү, ошондой эле Президенттин Администрациясына изилдөө боюнча иштердин планын жана жумушчу топтун жаңыланган курамын киргизүү тапшырылды.
Үчүнчү маселе боюнча 2026-жылга карата жол картасын аткаруу боюнча иш-чаралар планы бекитилди. Мамлекеттик органдарга жана мекемелерге беш жылдыкты ишке ашыруунун натыйжалуулугун жана берилген отчеттордун сапатын жогорулатуу боюнча чараларды көрүү тапшырылды.
Министрлер Кабинетинин Төрагасы өткөн жылы Бишкекте 50дөн ашык өлкөнүн жана 30 эл аралык уюмдун делегацияларынын катышуусунда «Туруктуу өнүгүү үчүн глобалдык тоо диалогу: Бишкек+25 саммитине карай жол» аттуу эл аралык конференция өткөнүн белгиледи. Ошондой эле 2027-жылдын 21–23-октябрына «Бишкек+25» экинчи глобалдык тоо саммитин өткөрүү пландаштырылып жатканын, буга байланыштуу Тышкы иштер министрлигине жакынкы аралыкта саммитке даярдык көрүү боюнча уюштуруу комитетинин биринчи жыйынын өткөрүү тапшырылганын билдирди.
Жыйындын соңунда МинКаб төрагасы 2027-жылга чейин тоолуу аймактарды туруктуу өнүктүрүү жаатында, атап айтканда, киреше булактарын түзүү, электр энергиясы менен камсыздоо, инфраструктураны өнүктүрүү, суу менен камсыздоо жана канализация, саламаттыкты сактоо, билим берүү жана байланыш кызматтары, өзгөчө алыскы тоолуу райондордо конкреттүү натыйжаларга жетишүү керектигин баса белгиледи.
«Кыргызстан БУУнун «эч кимди артта калтырбоо» принцибине ылайык, Экинчи глобалдык тоо саммитинде жетишилген натыйжаларды көрсөтүүгө ниеттенүүдө», — деп жыйынтыктады Министрлер Кабинетинин башчысы.


