Ала-Тоо Резорт ААК менен Doppelmayr компаниясы Жыргалаң курортуна кошумча төрт асма жол куруу боюнча келишимге кол коюшту.
Долбоор Ысык-Көлдөгү заманбап тоо-лыжа комплексин өнүктүрүүнүн алкагында ишке ашууда. Жаңы асма жолдордун жалпы узундугу 8 чакырымды түзүп, лыжа трассалары 46 чакырымга жетет.
Курорттун биринчи этабы ушул жылдын декабрь айында аяктап, туристтерди кабыл ала баштайт.
