Шашылыш билдирүү! Катуу шамал болот, сак болуңуз!
Новость

КРнын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Гидрометеорологиялык кызматынын маалыматына ылайык, жакынкы үч саат аралыгында жана күндүз Бишкек шаарында жана Чүй өрөөнүндө катуу шамал күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жетиши мүмкүн.