Куткаруунун түрлөрү көп. Суудан куткаруу, шахтыдан (жер астынан) куткаруу жана башка түрлөрү бар. Кеп кылалы дегенибиз тоодон, бийик чокулардан түшүрүп, жардам көрсөткөн куткаруучунун эмгеги.
4000-5000 метр бийиктиктеги туристке жардам көрсөтүүдөгү түмөн түйшүгү каармандын өздөрүндө сыр бойдон сакталган.
Тоолорго, аскаларга чыгуу, ойдуңга түшүү… Андан дагы үйдөй таштарды агызган шар суулардан аркан менен өтүү куткаруучулардын коопсуздугун талап кылбай койбойт. Кыштын ызгаарына, жайдын аптабына карабай жабырлануучуну канча миңдеген метр бийиктиктен алып түшүү ал өзүнчө кеп.
Тоодон куткаруу ишине Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Куткаруучуларды даярдоочу мамлекеттик борбордун “Эдельвейс” кошуунун куткаруучулары машыктырылат.
Ала-Арча жаратылыш паркында 2025-жылдын май айынан бери “Эдельвейс” куткаруу кошууну эс алуучуларга алгачкы медициналык жардам берип, адашкандарга жол көрсөтүп, тоодон алып түшүшөт.
Алсак, өткөн жылы 574 жаран, ал эми быйыл 14 жаран кайрылган. Аларга тиешелүү жардамдар өз учурунда берилген.