Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев Ош шаарына болгон иш сапарынын алкагында Ош эл аралык аэропортунун аймагында курулуп жаткан жаңы аэробекет комплексинин курулуш-монтаждоо иштеринин жүрүшү менен таанышты.
Аэробекет комплексинин жалпы аянты 26 000 чарчы метрди түзөт. Имарат алты блоктон - А1, А2, Б1, Б2, В1 жана В2 бөлүктөрүнөн турат. Курулуш иштери 2025-жылдын 25-апрелинде башталган.
Бүгүнкү күнгө карата монолиттик иштер 95 пайызга аткарылып, инженердик тармактарды, анын ичинде электр менен камсыздоо, желдетүү, канализация, суу түтүктөрү жана өрт өчүрүүчү суу түтүктөрүн монтаждоо боюнча жертөлө бөлүгүндөгү иштер 80 пайызга бүткөрүлдү. Ал эми биринчи кабаттагы иштер долбоордук-сметалык документтерге киргизилип жаткан өзгөртүүлөргө байланыштуу убактылуу токтоп турат.
Иш сапарынын жүрүшүндө министр курулуш иштерин сапаттуу жана белгиленген мөөнөттө бүтүрүү, долбоордук-сметалык документтерге киргизилген өзгөртүүлөрдү ыкчам жыйынтыктоо жана жумушчулардын санын көбөйтүү аркылуу темпти күчөтүү зарылдыгын белгиледи.
Учурда курулуш иштеринде 120га жакын жумушчу эмгектенүүдө. Долбоордук-сметалык документтерге тиешелүү өзгөртүүлөр киргизилгенден кийин жумушчулардын санын эки эсеге көбөйтүү пландалууда. Курулуш-монтаждоо иштери бекитилген календардык графикке ылайык жүргүзүлүүдө.

