Ким элдин тынчтыгын бузса, мыйзам алдында жооп берет – Садыр Жапаров
Новость

Саламатсызбы Садыр Нургожоевич! Коомдук ишмер, белгилүү санжырачы Мурат Жетимишбаев маектеринин биринде президент Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиевдин ортосунда ажырым болду, эми эмне болот деген тынчсыздануусун билдирди.

“Мындай тынчсыздануу, санааркоо көпчүлүктө бар” деген да оюн айтты. Эми эмне болот деп санааркай суроо салгандарга комментарий бере аласызбы?

Эч нерсе болбойт. Бул маселени трагедия кылыштын кереги жок. Мурдагыдан дагы жакшы болот. Жашоо токтоп калбайт. Бир досум кетсе, артымда 7 миллиондон ашуун досум бар. Мага баарынан жалпы элибиз жана куттуу мамлекетибиз кымбат.

Кимде-ким элдин тынчтыгын бузса, аёосуз жазасын алат. Ага акылыбыз да, күчүбүз да жетет. Экономикабыздын өсүү темпи жогорулап кете берет.

Ички жана тышкы саясат өз нугу менен улана берет.

Маектешкен Кыргыз улуттук "Кабар" маалымат агенттигинин директору Медербек Шерметалиев