Мамлекеттик ипотекалык компания 2026-жылдын июнь–июль айларында Бишкек шаарындагы Маликов көчөсү, 91 дарегинде жайгашкан турак жай комплексинде 1 миң 104 батир берүүнү пландоодо. Бул тууралуу мекеменин Сатуулар башкармалыгынын башчысы Кылычбек Келдибеков билдирди.
Анын айтымында, ага чейин апрель–май айларында Ош шаарында жана Кара-Суу районунда батирлерди тапшыруу каралган. Жалпысынан жыл аягына чейин өлкө боюнча 20 миңге жакын батир берүү мерчемделүүдө. Батирлердин берилиши курулуштун жүрүшүнө жараша болот.