Бишкекте коомдук транспорттор текшерүүдөн өттү
Новость

Бишкек шаарында коомдук транспорттун техникалык жана санитардык абалы текшерилди. Муниципалитеттин маалыматына ылайык, айрым автобустарда техникалык мүчүлүштүктөр аныкталып, аларды линияга чыгарууга убактылуу тыюу салынды.

Мындан тышкары, тазалык талаптарына жооп бербеген унааларга жууп-тазалоо боюнча тапшырмалар берилди. Техникалык көзөмөлдү талаптагыдай жүргүзбөгөн айрым механиктерге эскертүү берилип, колоннанын механигине сөгүш жарыяланды.

image.png 1.07 MB