2026-жылы Баткен облусу аймагында 54 миң 587 «акылдуу» эсептегич орнотуу пландалууда. Бул тууралуу Энергетика министрлиги маалымдады.
Райондор боюнча бөлүштүрүү:
· Кызыл-Кыя райондук электр тармагы — 10 150
· Кадамжай райондук электр тармагы — 14 530
· Лейлек райондук электр тармагы — 14 105
· Сүлүктү райондук электр тармагы — 15 193
Учурда облус боюнча электр тармактар ишканасында 130 668 абонент катталган. Анын ичинен:
· 121 149 — калк абоненттери
· 9 519 — калк эмес абоненттер
Белгилей кетсек, 2024–2025-жылдары облус аймагында жалпысынан 62 085 «акылдуу» эсептегич орнотулган.
«Акылдуу» эсептегичтер электр энергиясын так эсептөөгө, жоготууларды азайтууга жана эсеп-кысапты автоматташтырууга мүмкүндүк берет.