Бүгүн, 27-февралда, “Ынтымак Ордодо” Президент Садыр Жапаровдун катышуусунда республикалык кеңешме өтөт.
Иш-чарага Министрлер Кабинетинин мүчөлөрү, тиешелүү мамлекеттик органдардын жетекчилери, Президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, Бишкек, Ош жана облустук маанидеги шаарлардын мэрлери, акимдер катышат.
Жыйын жүрүшүндө МинКаб жетекчилиги 2025-жылы өлкөнүн ар кыл тармактарында аткарылган иштер боюнча маалымат берет.
Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров акыркы беш жылдагы жетишкендиктер жана алдыда аткарылуучу милдеттер тууралуу баяндама жасары күтүлүүдө.
Республикалык кеңешме УТРК жана башка республикалык, облустук телеканалдардын, ошондой эле социалдык тармактын баракчаларында түз көрсөтүлөт.
Башталышы саат: 11.00