Бүгүн саат 08:00гө карата ашуулардагы бардык чектөөлөр алынды. Бул тууралуу Кыргызавтожол билдирди.
Учурда жолдор ачык, тейлөө кызматтары кар тазалоо жана кум-туз себүү иштерин жүргүзүүдө.
Эске салсак, 26-февралда Төө-Ашуу ашуусу, Долон ашуусу жана Өтмөк ашуусу ашууларында оор жүк ташуучу унааларга убактылуу чектөө киргизилген болчу.