Караколдогу «Пржевальская» көмөк чордонунун кубаттуулугу жогорулайт
Новость

Каракол шаарындагы «Пржевальская» көмөк чордонунун кубаттуулугу жогорулатылат. Бул тууралуу Энергетика министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, 110/35/10 кВ кубаттуулуктагы көмөк чордон учурда эки күч трансформатору менен иштеп жатат.

2025-жылы 25 МВА трансформатор 40 МВАга алмаштырылган. Ал эми быйыл пландын алкагында дагы бир 25 МВА трансформатор 40 МВА кубаттуулуктагы жаңы трансформаторго алмаштырылат.

Жыйынтыгында көмөк чордонунун кубаттуулугу 15 МВАга көбөйүп, жалпы кубаттуулук 80 МВА түзөт.