Муктаж жарандарга техникалык жана тиричилик каражаттары тапшырылды
Новость

Күн мурун Бишкек шаарында муктаж жарандарга техникалык жана тиричилик каражаттары тапшырылды. Бул тууралуу  Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирди.

 Иш-чарага Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары А.Орозбаева катышып, “Ассанабил” кайрымдуулук коомдук фондунун президенти Абделкарим Али Мохамед Алинин колдоосу менен “Үмүт нуру” долбоорунун алкагында уюштурулду. 

Иш-чаранын алкагында калктын аялуу катмарын колдоо максатында төмөнкү жардамдар көрсөтүлдү: 

5 жана андан көп баланы тарбиялап жаткан үй-бүлөлөргө     7 даана жүк ташуучу мототроллер «Желмаян» берилди; 

Техникалык реабилитация каражаттарына муктаж жарандарга 10 даана майыптар коляскасы тапшырылды; 

Аз камсыз болгон жана көп балалуу үй-бүлөлөрдүн энелерине өз алдынча киреше табууга жана материалдык абалын жакшыртууга багытталган тигүү машинелери берилди. 

Бул социалдык жардамдар көп балалуу энелерге өз алдынча ишкердик менен алектенүүгө, майыптыгы бар жарандардын кыймыл мүмкүнчүлүгүн кеңейтүүгө, иш менен камсыз болуу шарттарын жакшыртууга жана экономикалык өз алдынчалуулугун бекемдөөгө көмөктөшөт.