Бүгүн, 27-февралда Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангельдиев Европа Биримдигинин санкциялар боюнча атайын өкүлү Дэвид О’Салливан менен кеңейтилген жолугушуу өткөрдү. Дэвид О’Салливан Кыргызстанга жумушчу сапары менен келген.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар санкциялык тематика боюнча пикир алмашууну улантышты. Бул контекстте Данияр Амангельдиев Кыргыз Республикасы тобокелдиктерди башкарууга прагматикалык жана профессионалдык мамиле жасаарын жана тышкы экономикалык операциялардын комплаенс, финансылык мониторинг жана ачык-айкындуулук чараларын ырааттуу түрдө күчөтүп жатканын баса белгиледи.
Кыргыз тарап ошондой эле экспорттук жана финансылык көзөмөлдүн натыйжалуулугу тышкы экономикалык чынжырдын бардык катышуучуларынын, анын ичинде европалык экспортчулардын да бөлүштүрүлгөн жоопкерчилигин болжолдой турганын белгиледи. Европалык жеткирүүчүлөрдүн өздүк экспорттук-контролдук талаптарын ак ниеттүүлүк менен аткаруусунун, контрагенттерди тийиштүү текшерүүдөн өткөрүүнүн, бүтүмдөрдү туура документтештирүүнүн жана товарлардын акыркы колдонуучусун жана дайындалышын текшерүү үчүн зарыл болгон тастыктоочу материалдардын толук пакетин берүүнүн маанилүүлүгү баса белгиленди.
Финансы секторунун ишине өзгөчө көңүл бурулду. Кыргыз тарап коммерциялык банктардагы контролдук механизмдерди күчөтүү боюнча практикалык кадамдар жөнүндө маалымат берди, анын ичинде операцияларды комплекстүү текшерүү жана талаптарды бузуу коркунучун алып жүргөн транзакцияларды бөгөттөө.
Ошол эле учурда кыргыз тарап тобокелдиктерди баалоонун түшүнүктүү жана ачык-айкын механизмдерин түзүү зарылдыгын, анын ичинде тобокелдиктерди баалоонун бирдиктүү критерийлерин, макулдашылган жол-жоболорду жана өз убагында пикир билдирүүнү, ошондой эле чечимдерди кабыл алуу жана андан кийинки иш-аракеттерди координациялоо үчүн ишенимдүү, текшерилген жана актуалдуу маалыматты пайдалануунун маанилүүлүгүн баса белгиледи.
Жолугушуунун жүрүшүндө айрым коммерциялык банктарга карата чектөө чараларына байланыштуу маселелерди этап-этабы менен жөнгө салууга багытталган биргелешкен чаралардын планын даярдоо жана техникалык өз ара аракеттенүүнүн мындан аркы форматын аныктоо зарылдыгы белгиленди.
Өз кезегинде ЕБнын атайын өкүлү Дэвид О'Салливан кыргыз бийлигинин ачыктыгынын жогорку деңгээлин жана эң сезимтал маселелер боюнча түз диалогго даярдыгын баалап, көрсөтүлгөн транспаренттүүлүк европалык институттар жана эл аралык коомчулук тарабынан ишенимдин негизги кепилдиги болуп саналарын белгиледи.
Дэвид О'Салливан кыргыз тарапка кыргызстандык банктарды санкциялык тизмеден чыгаруу жана келечекте финансылык тобокелдиктерди болтурбоо алкагында мындан аркы техникалык өз ара аракеттенүү боюнча конкреттүү сунуштар жөнөтүлгөнүн билдирди. Атайын өкүл Евро биримдик экспорттук жана финансылык көзөмөл механизмдерин чыңдоодо мындан аркы прогресске үмүттөнөрүн баса белгиледи.
Жолугушуунун соңунда Тараптар иш тартибинде практикалык диалогду жана байланыштарды улантууга даяр экендиктерин ырасташты.




