Президент: Быйыл ипотекалык турак жай курууга 400 млн доллар бөлүнөт
Новость

Ипотекалык турак жай курууга быйыл 400 млн доллар бөлүнөт. Бул тууралуу бүгүн "Ынтымак Ордодо" өтүп жаткан республикалык кеңешмеде президент Садыр Жапаров билдирди.

Анын айтымында, бул каражаттын 200 млн доллары түштүк аймактарга, 200 млн доллары түндүк аймактарга бөлүнөт. Президент өз сөзүндө эки жакта тең калктын саны бирдей жана эки тарап тең бирдей өнүгүшү керектигин белгиледи.

Ошондой эле, өлкө башчы былтыр 4 миң 600дөн ашык үй-бүлөгө ачкыч тапшырылгандыгын, ал эми 2021- жылдан тартып республика боюнча жалпы 9 миң 250     үй-бүлө өз турак жайына ээ болдугун маалымдады.