Садыр Жапаров: “Кумтөр” бюджеттин туруктуу киреше булагы болууда
Новость

Президент Садыр Жапаров "Ынтымак Ордодо" өтүп жаткан республикалык кеңешмеде 2021–2025-жылдары “Кумтөрдүн” өндүрүшүнөн түшкөн жалпы киреше 5 миллиард 115 миллион долларды же 440 миллиард сомдон ашык каражатты түзгөнүн билдирди. Ошондой эле, бюджетке салыктар жана милдеттүү төлөмдөр түрүндө 1 миллиард 176 миллион доллар же 100 миллиард сомдон ашык акча, мындан тышкары, акыркы төрт жылда мамлекет 441 миллион доллар же 38 миллиард сомдон ашык дивиденд алганын баса белгиледи.

Жыйында өлкө башчы 1994-2021-жылдар аралыгында Кыргызстан “Кумтөрдөн” болгону 100 миллион доллар дивиденд алганын жана 410 тонна алтын чыгып кетсе, ошонун 1 тоннасы гана Кыргызстандын пайдасы болгонун айтты. Ал эми бүгүн “Кумтөр” бюджеттин туруктуу киреше булагы болуп, социалдык милдеттенмелерди жана инфратүзүмдүк долбоорлорду каржылоого кызмат кылып жатканын эскертти.