Жалпы мамлекеттик органдарга сынак жарыяланат
Новость

Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттик кенже кызмат орундарына кадрлар резервине конкурс жарыялады.

Конкурстун максаты — мамлекеттик жана муниципалдык органдарды кесипкөй, билимдүү жана санариптик көндүмдөргө ээ жаш адистер менен камсыз кылуу, ошондой эле кадр тандоодо ачыктыкты жана адилеттүүлүктү камсыздоо.

Жаңы механизмдин артыкчылыктары

Кадрлар резервине кабыл алуу «E-Kyzmat» мамлекеттик порталы аркылуу электрондук форматта жүргүзүлөт. Бул система: талапкердин убактысын үнөмдөйт;

ар бир мекемени өзүнчө кыдыруу зарылдыгын жоёт;

кошумча чыгымдарды азайтат;

тандоонун ачык жана бирдиктүү тартибин камсыз кылат.

Рейтингдик система аркылуу талапкерлер алган упайына жараша бааланып, эң жогорку балл топтогондор кызматка дайындалууда артыкчылыкка ээ болушат. Мындай ыкма тааныш-билиштик факторлорго бөгөт коюп, меритократия принциптерин бекемдөөгө багытталган.

Конкурстун этаптары

Документтерди кабыл алуу;

Нормативдик укуктук актылар боюнча компьютердик тестирлөө;

Офлайн же онлайн форматтагы маектешүү.

Бардык этаптардан ийгиликтүү өткөн талапкерлер 3 жылдык мөөнөткө кадрлар резервине киргизилет.

Мамлекеттик жарандык кызматка талаптар:

Кыргыз Республикасынын жараны болуу;

21 жаштан жогору болуу;

жогорку билимге ээ болуу;

кыргыз тилин орто деңгээлде билүү;

санариптик көндүмдөргө ээ болуу.

Муниципалдык кызматка:

18 жаштан жогору болуу;

жогорку же орто кесиптик билимге ээ болуу;

кыргыз тилин орто деңгээлде билүү;

санариптик көндүмдөргө ээ болуу.

Документтерди кабыл алуунун мөөнөтү: 2-марттан 6-мартка (кошо алганда) чейин.
Толук маалымат kyzmat.gov.kg 
сайтындагы «Вакансиялар» бөлүмүндө жана «E-Kyzmat» мамлекеттик порталында жайгаштырылган.
Байланыш телефондору:
0 (312) 62 04 12
0 (312) 66 03 37