Пенсия жана айлык өсүшү: мамлекеттик колдоо күчөдү
Новость

"Ынтымак Ордодо" өткөн республикалык кеңешмеде Садыр Жапаров акыркы беш жылда мамлекеттик саясат жарандардын жашоо сапатын жогорулатууга багытталганын билдирди. Анын айтымында, бул мезгилде 936га жакын социалдык объект курулуп, айрымдары капиталдык оңдоодон өткөрүлгөн.

Билим берүү тармагында жаңы мектептер жана бала бакчалар ачылып, 12 жылдык билим берүү моделине өтүү реформасы башталган. Саламаттык сактоо тармагында ондогон мекемелер модернизацияланып, Бишкек шаарында 5 миң орундуу медициналык шаарча куруу демилгеленген.

Ошондой эле беш жыл ичинде 3 700 чакырымдан ашык жолго асфальт төшөлүп, өлкө боюнча аэропорттор жаңыланган. Пенсиялык төлөмдөргө бөлүнгөн каражат 50 млрд сомдон 105 млрд сомго чейин көбөйгөнү маалымдалды. Президент бул иштердин баары жарандардын бакубат жашоосун камсыздоого багытталганын белгиледи.