Кыргыз мамлекеттик дене-тарбия жана спорт академиясынын базасында жеңил атлетика боюнча өлкө чемпионаты старт алды.
Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин маалыматына ылайык, мелдешке республиканын бардык аймактарынан келген 18 жаштан жогорку эркектер жана кыз-келиндер катышууда.
Белгилей кетсек, чемпионат 60, 200, 400, 800, 1500 жана 3000 метр аралыкка чуркоо дисциплиналары боюнча өтүүдө.