Жалал-Абад: Сузакта жаңы административдик имарат курулууда
Новость

Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев Жалал-абад облусуна болгон иш сапарынын алкагында бир катар курулуш объектилериндеги иштин жүрүшү менен таанышты.

Алардын бири Жалал-Абад облусуна караштуу Сузак районунун Сузак айылы,  Сатывалды Палван көчөсүндө курулуп жаткан Сузак райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын жаңы административдик имараты болуп саналат.

Министр жаңы имараттын курулушу менен таанышып, тиешелүү жетекчилерге бир катар тапшырмаларды берди.

Долбоорго ылайык, имарат эки кабаттуу болуп курулуп, анда жарандар жана кызматкерлер үчүн сырткы спорт аянтчасы каралган. Мындан тышкары, кызматкерлер үчүн бардык зарыл жана ыңгайлуу шарттар түзүлүп, жарандарга жеткиликтүү, сапаттуу жана натыйжалуу кызмат көрсөтүү камсыз кылынат.

Имараттын жалпы аянты 576,04 чарчы метр, 3 кабаттан турат. Курулуш иштери 2025-жылдын июнь айында башталган.