Чүй: Сокулукта аныкталган мыйзамсыз курулуш фактысы боюнча чара көрүлдү
Новость

Курулуш министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Чүй регионалдык башкармалыгы Сокулук райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгы тарабынан жиберилген кайрылуунун негизинде пландан тышкаркы текшерүү жүргүздү.

Текшерүүнүн алкагында Сокулук айылынын Фрунзе көчөсүндөгү бир катар объектилер каралды. Жыйынтыгында эки кабаттуу имарат тиешелүү тартипте таризделген долбоордук-уруксат берүүчү документтери жок курулуп жатканы аныкталды.

Натыйжада, аныкталган мыйзам бузуулардын негизинде объекттин ээсине:

- Мыйзам бузууларды жоюу боюнча милдеттүү көрсөтмө берилди;

- Уруксат документтерин мыйзам талаптарына ылайык тариздөө тартиби түшүндүрүлдү;

- Мыйзам бузуулар үчүн жоопкерчилик тууралуу эскертүү иштери жүргүзүлдү.

Бүгүнкү күндө объекттин ээси тарабынан мыйзамсыз курулган имаратты ыктыярдуу түрдө бузуу иштери башталды. Демонтаждоо процесси толук жыйынтыкталганга чейин башкармалыктын туруктуу көзөмөлүндө болот.

Чүй регионалдык мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо башкармалыгы облус аймагында мыйзамсыз курулуштарга жол бербөө жана шаар куруу тармагында тартипти камсыз кылуу боюнча ишин ырааттуу улантат.