Садыр Жапаровдун төрагалыгы алдында өлкөнүн 2025-жылдагы жыйынтыгы жана келечек пландар жөнүндө республикалык кеңешме өттү
Новость

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун төрагалыгы алдында бүгүн, 27-февралда, Кыргызстандын 2025-жылдагы социалдык-экономикалык өнүгүүсү боюнча республикалык кеңешме өтүп, мындан аркы иштер үчүн негизги милдеттер жана багыттар белгиленди.

Иш-чарага Министрлер Кабинети, мамлекеттик органдардын жетекчилери, Президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, Бишкек жана Ош шаарларынын, ошондой эле облустук маанидеги шаарлардын мэрлери жана райондордун акимдери катышты. 

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев 2025-жылы экономика жана финансы тармагындагы аткарылган иштер боюнча баяндама жасады. Өз сөзүндө ал экономикалык өсүш көрсөткүчтөрүнө, республикалык бюджеттин аткарылышына, инвестицияларды тартууга, инфратүзүмдүк долбоорлорду ишке ашырууга жана макроэкономикалык туруктуулукту камсыз кылуу боюнча чараларга кеңири токтолду.

Экономиканын реалдуу секторундагы ишмердүүлүктүн жыйынтыгы жөнүндө баяндама менен Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков чыгып сүйлөдү. Ал өнөр жай, айыл чарба, кайра иштетүү тармактарынын өнүгүшү, суу ресурстарын натыйжалуу пайдалануу боюнча долбоорлордун ишке ашырылышы, ошондой эле ата мекендик өндүрүүчүлөрдү мамлекеттик колдоо чаралары жөнүндө баяндады.

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов 2025-жылы социалдык тармакта аткарылган иштер тууралуу маалымат берди. Баяндамада эмгек акыны жана социалдык төлөмдөрдү жогорулатуу, билим берүү жана саламаттык сактоо системасын модернизациялоо, социалдык объектилерди куруу, ошондой эле калктын аялуу катмарын колдоо программаларын ишке ашыруу маселелери чагылдырылган.

Жыйындын алкагында Президент Садыр Жапаров 2021-2025-жылдар аралыгындагы өлкөнүн негизги жетишкендиктерине жана артыкчылыктуу милдеттерге арналган программалык баяндама жасады. Мамлекет башчысы социалдык-экономикалык өнүгүүнүн туруктуу динамикасына, масштабдуу инфратүзүмдүк долбоорлордун ишке ашырылышына, финансылык тартипти чыңдоого жана мамлекеттик башкаруунун деңгээлин жогорулатууга токтолду. 

Ал алгачкы жылдары мамлекеттик башкарууну калыбына келтирүүгө басым жасалса, кийинки жылдар стратегиялык артыкчылык катары экономикалык моделди терең трансформациялоого арналганын белгиледи.

“2021–2025-жылдар өлкөнү жөн гана калыбына келтирүү эмес, сапаттуу экономикалык өнүгүүнүн доору катары Кыргызстандын соңку жаңы тарыхында каларына бекем ишенем”, - деди Мамлекет башчысы.

Президенттин сөзүндө аймактарды өнүктүрүү, жергиликтүү мамлекеттик бийлик органдарынын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу, мамлекеттик кызматтарды санариптештирүү, ачык-айкындуулукту камсыз кылуу жана коррупцияга каршы күрөшүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулду. Президент өлкөнү өнүктүрүүнүн стратегиялык максаттарына жетүү үчүн бардык бийлик бутактарынын күч-аракеттерин мындан ары да бириктирүү зарылдыгын баса белгиледи.

Ал ошондой эле өнөр жайдын жанданышы системалык саясатка айланганын айтты. Жыл сайын жок дегенде жүз жаңы өнөр жай объектилерин ишке киргизүү салт болуп калды. Беш жылдын ичинде кайра иштетүү жана жеңил өнөр жайдан баштап ири өнөр жай өндүрүштөрүнө чейинки тармактарда жүздөгөн ишканалар ишке киргизилди. Мунун баары жаңы жумуш орундары, салыктык төлөмдөр жана мамлекеттин экономикалык өз алдынчалыгын бекемдөө болуп саналат.

“Биз башкаруунун ачык-айкын, натыйжалуу жаңы системасын курушубуз керек. Ар ким өз милдетин так аткарган жерде башаламандыкка, коррупцияга же бюрократиялык кысымга жол берилбейт. Ушундай тартип менен гана биз бардык максаттарды ишке ашырып, мамлекетке болгон ишенимди бекемдей алабыз жана Кыргызстандын өсүп-өнүгүшүн камсыздайбыз”, - деп жыйынтыктады Президент Садыр Жапаров.