Бүгүн, 28-февралда Нарын облусуна караштуу Ат-Башы районунда Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Шаар куруу жана архитектура департаментинин Ат-Башы райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын жаңы имаратынын ачылышы болду.
Иш-чарага Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев, жергиликтүү мамлекеттик органдардын жетекчилери, архитекторлор жана райондун тургундары катышты.
Министр өз сөзүндө жаңы имарат - бул жөн гана административдик жай эмес, аймактагы архитектуралык сапатты аныктаган маанилүү объект экенин белгиледи. Долбоордо функционалдуулук менен эстетика айкалышып, архитекторлор үчүн заманбап жана чыгармачыл иш алып барууга шарт түзүлгөнүн кошумчалады.
Жаңы административдик имараттын курулушу 2025-жылдын июль айында башталып, министрликтин ички ресурстарынын эсебинен курулду. Долбоорго ылайык, жалпы 200 чарчы метрди ээлеген эки кабаттуу имаратта жыйындар жана күтүү залы, архив, кабылдама, бирдиктүү терезе жана техникалык бөлмөлөр бар. Заманбап стандарттарга ылайык курулган имаратта кызматкерлер үчүн ыңгайлуу шарттар, жарандар үчүн жеткиликтүү кызмат көрсөтүү мүмкүнчүлүктөрү түзүлдү.
Иш-чаранын соңунда имараттын аймагына арчалар отургузулду.
Белгилей кетсек, аталган башкармалыктын кызматкерлери буга чейин 1952-жылы турак үй багытында курулган имаратта иштеп келген.

