Кыргызстандык балбан Айпери Медет кызы Тирана шаарында (Албания) өтүп жаткан спорттук күрөш боюнча эл аралык рейтингдик турнирде алтын медаль утту.
28-февралда кыз-келиндер күрөшү боюнча Айпери 76 кг чейинки салмак ченинде килемге чыгып, мелдештин бардык баскычтарында ишенимдүү жана үстөмдүк кылган күрөш көрсөттү.
Ал 1/8 финалдан баштап, Казакстандын өкүлү Гулмарал Еркебаеваны 12:2 эсебинде мөөнөтүнөн мурда жеңди. Чейрек финалда болгариялык Ванеса Георгиева 10:0 эсебинде утса, жарым финалда Түркиянын балбаны Элмира Ясинди 14:0 эсебинде мөөнөтүнөн мурда жеңип, финалга чыкты.
Финалда Айперинин атаандашы — дүйнөнүн учурдагы чемпиону, эквадорлук Генесис Реаско Валдезди 5:4 эсебинде жеңди.
Эске салсак, балбандар 2025-жылдагы дүйнө чемпионатынын финалында да беттешип, анда жеңиш эквадорлук балбанга буюрган. Бул ирет Айпери Медет кызы реванш алып, финалдык кармашта жеңишке жетишип, рейтингдик турнирдин алтын медалын тагынды.