Үзүр Жусупбеков MUHAMET MALO–2026 рейтингдик турниринин коло байге ээси болду
Новость

Тирана шаарында (Албания) өткөн спорттук күрөш боюнча эл аралык рейтингдик MUHAMET MALO–2026 турниринде грек-рим күрөшү боюнча Кыргызстандын балбаны Үзүр Жусупбеков 96 кг чейинки салмак категориясында коло медалга ээ болду.

Мелдештин алгачкы кармашында Жусупбеков түркмөнстандык Аманберды Агамаммедовду 9:0 эсебинде ишенимдүү жеңип, кийинки айлампага жолдомо алган.

Чейрек финалда россиялык Артур Саргсянга 0:9 эсебинде утулуп калган. Бирок көңүл жубатуучу беттештер аркылуу байге үчүн күрөшүү мүмкүнчүлүгүн сактап калды.

Көңүл жубатуучу беттеште биринчи каршылашы азербайжандык Махаммад Ахмадиевди 8:2 эсебинде жеңип, коло медаль үчүн беттешке чыкты. Чечүүчү кармашта ирандык Амирреза Морадиянды 4:2 эсебинде утуп, коло байгеге татыды.