Энергетика министри Таалайбек Ибраев Ысык-Көл облусундагы стратегиялык энергетикалык объекттерди кыдырды. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.
Министр алгач "Тамга" көмөк чордонунда болуп, кызматкерлердин иштөө шарттары менен таанышты. Иш сапардын жүрүшүндө бөлүмдү кызматтык автоунаалар менен камсыздоо жана административдик имаратты реконструкциялоо боюнча тапшырма берди. Ошондой эле "Тамга–Каракол" жогорку чыңалуудагы аба чубалгысын куруу жана көмөк чордондун чатырына күн панелдерин орнотуу долбоорлору талкууланды.
Андан соң министр Жыргалаң аймагындагы "Ала-Тоо Резорт" тоо-лыжа комплексин электр энергиясы менен камсыздоо иштерин текшерди. Учурда узундугу 47 чакырым болгон жаңы аба чубалгысын жана "Ала-Тоо Резорт" көмөк чордонун куруу боюнча долбоорлоо иштери жүрүп жатат. Мындан тышкары, Жыргалаңда жаңы электр тармактар бөлүмүн ачуу жана курулуп жаткан ГЭСтин абалы каралды.
Министр белгилегендей, бардык долбоорлор Садыр Жапаровдун энергетикалык таңкыстыктан чыгуу боюнча тапшырмасына ылайык, бекитилген график менен ишке ашырылат.
Жыйынтыгында тиешелүү жетекчилерге кызматтык техникаларды алуу жана курулуш иштерин тездетүү боюнча тапшырмалар берилди.



