Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери Бишкек шаарынын аймагында жүргүзүлгөн рейддик салыктык көзөмөлдүн жүрүшүндө тыюу салынган никотин жеткирүүчү электрондук буюмдарды (электрондук тамекилерди) саткан соода жайын аныкташты. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Аталган соода түйүнү борбор калаанын 7-кичи районундагы турак үйдүн жер төлөсүндө жайгашкан. Текшерүүнүн жүрүшүндө соода жайынын ишмердүүлүгүн Э.Д.Ж. аттуу жаран уюштуруп, жетектеп келгендиги белгилүү болду. Өндүрүлгөн продукциялар алдын ала түзүлгөн жеткирүү схемасы аркылуу, курьердик кызматтардын жана такси кызматтарынын жардамы менен сатылып турган.
Жыйынтыгында укук коргоо органдарына өткөрүп берүү үчүн жалпы суммасы 3 миллион сомдон ашык болгон 3 миң даанадан ашык тыюу салынган никотин камтыган продукциялар убактылуу тартып алынды.



