Нарын шаарында Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин Нарын облусундагы өкүлчүлүгүнүн жаңы административдик имаратынын курулушу расмий түрдө башталды.
Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев Нарын облусуна болгон иш сапарынын алкагында иш-чарага катышып, аймактагы кызматкерлер менен жолукту.
Министр өз сөзүндө жаңы имараттын курулушу кызматкерлер үчүн заманбап жана ыңгайлуу шарттарды түзүп, Нарын облусунда жүрүп жаткан курулуш иштерин сапаттуу координациялоого жана тургундарга көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызматтардын жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга багытталган маанилүү кадам экенин белгиледи.
Белгилей кетсек, бүгүнкү күнгө чейин өкүлчүлүк убактылуу жана талапка толук жооп бербеген тар имаратта жайгашып келген. Долбоорго ылайык, 3 кабаттуу жаңы административдик имарат заманбап архитектуралык талаптарга ылайык курулуп, кызматкерлер жана жарандар үчүн бардык шарттар каралат. Жалпы аянты 950 чарчы метр.
Долбоорду ишке ашыруу министрликтин бекитилген планына ылайык, ички ресурстарынын эсебинен жүргүзүлүүдө.


