Кыргызстанда жазгы айдап-себүү иштери кызуу жүрүүдө. Кыргызстандын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин маалыматына караганда, быйыл республика боюнча 1 млн 250 миң гектар жерге эгин себүү пландалууда, анын 818 миңи сугат жер, 432 миңи кайрак жер.
Учурда жалпы 29 миң 664 гектар жер айдалды.
Алдыңкы катарда:
- Ош облусу — 17 768 га
- Чүй облусу — 9 749 га
- Жалал-Абад облусу — 2 147 га
Жаздык кылкандуу дан эгиндери 5 миң 547 гектар жерге себилди:
- Буудай — 2 466 га
- Арпа — 3 081 га
- башка өсүмдүктөр: Жалал-Абад облусунда 189,7 га жерге картошка, Ош облусунда 5 га жерге жашылча өсүмдүктөрү себилди.
Талаа иштери негизинен түштүк аймактарда жана Чүй өрөөнүндө жүрүп жатат, ал эми Талас, Ысык-Көл жана Нарын облустарында климатка жараша даярдыктар көрүлүп, жакын арада башталат.