2025-жыл: Басылып чыккан китептердин саны 5 млн 85 миң нускага жетти
Новость

Кыргызстанда акыркы жылдары мектептерди окуу китептери менен камсыздоону каржылоо көлөмү кыйла өстү. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Илим, билим берүү, инновациялык өнүктүрүү жана маалыматтык технологиялар, маданият, спорт жана жаштар саясаты боюнча комитетинин жыйынында агартуу министринин орун басары Надира Жусупбекова билдирди. 

Анын айтымында, эгерде 2020-жылы бул максаттарга 120 млн сом бөлүнгөн болсо, 2025-жылы бул сумма 806 млн сомду түздү. Министрдин орун басары белгилегендей, 2020-жылы 330 миңден ашык окуу китеби басылып чыкса, 2025-жылы алардын саны 5 млн 85 миң нускага жетти. Анын ичинде Россия менен биргеликте кошумча 651 миң нуска басылды. 

Надира Жусупбекованын айтымында, бүгүнкү күндө мектептердин окуу китептери менен камсыз болушу 84,8 пайызды түзөт. Бул көрсөткүч 11 жылдыктан 12 жылдык мектептик билим берүүгө этап-этабы менен өтүүгө байланыштуу. Анын алкагында окуу фонду толугу менен кайра эсептелип, жаңыланууда.

Такталган маалыматка ылайык, 2017-жылдан 2024-жылга чейинки 8 жыл аралыгында өлкөдө 3,74 миллиондон ашык окуу китеби басылса, 2025-жылдын ичинде эле басып чыгаруу көлөмү 5 миллион нускадан ашты. Жалпы тиражга Брайль шрифти менен басылган окуу китептери да кирди.