2026-жылдын 1-мартында Цзинань шаарында Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов менен Кытайдын Шаньдун провинциясынын Коммунисттик партиясынын катчысы Линь У ортосунда сүйлөшүүлөр болду.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргыз Республикасы менен Кытай Эл Республикасынын ортосундагы ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүктүн жогорку деңгээлин ырастап, аймактар аралык кызматташтыкты өнүктүрүүнү талкуулашты. Кыргызстандын аймактары менен Шаньдун провинциясынын өнөктөштүгүнүн маанилүүлүгү белгиленди.
Эдил Байсалов практикалык кызматташууну активдештирүү, анын ичинде чакан жана орто бизнести колдоо үчүн Кыргызстанда жаңы өндүрүш ишканаларын түзүү маселелерин талкуулады.
“Президент Садыр Жапаровдун жетекчилиги астында акыркы беш жылда жетишилген социалдык-экономикалык өсүштүн жогорку темптеринин аркасында Кыргызстан өзүнүн өнүгүүсүнүн жаңы этабына кадам таштоодо. Бүгүнкү күндө өлкө жетекчилиги тарабынан өндүрүштүн жаңы технологияларын массалык түрдө ишке киргизүү, экспортко багытталган өнөр жай ишканаларын ачуу, жаштарыбыз үчүн жаңы жумуш орундарын түзүү милдети коюлган. Учурда Кыргызстандын Министрлер Кабинети бул жаатта бир катар жаңы мамлекеттик программаларды иштеп чыгууда жана Кытай Эл Республикасы менен тажрыйбаны жана практикалык кызматташууну активдүү колдонууга ниеттенүүдө”, - деди Эдил Байсалов.
Шаньдун провинциясынын КПКсынын парткомунун катчысы Линь У ар тараптуу кызматташтыкты кеңейтүүгө, инвестициялык байланыштарды өнүктүрүүгө, өнөр жайлык камсыздоо боюнча жаңы демилгелерди баштоого жана элдердин ортосундагы алмашууну активдештирүүгө көмөктөшүүгө даяр экендигин ырастады.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар аймактар аралык кызматташтыкты мындан ары чыңдоо боюнча кадамдарды белгилешип, жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу үчүн биргелешип иштөөнү улантууну макулдашышты.
Иш сапардын алкагында кыргыз делегациясы провинциядагы бир нече алдыңкы машина куруу ишканаларынын ишмердүүлүгү менен таанышты.







