Коопсуздук кеңешинин катчысы Адилет Орозбеков ыкчам кеңешме өткөрдү
Новость

КР Коопсуздук кеңешинин катчысы Адилет Орозбеков Жакынкы Чыгыштагы кырдаалга байланыштуу укук коргоо, күч түзүмдөрүнүн жана башка тармактык ведомстволордун жетекчилери менен ыкчам кеңешме өткөрдү.

Талкуунун жүрүшүндө мамлекеттик органдардын өз ара аракеттенүүсүнүн актуалдуу маселелери, анын ичинде согуштук согуш аракеттери жүрүп жаткан аймакта калган Кыргызстандын жарандарынын абалы талкууланды. Адилет Орозбеков алардын коопсуздугун камсыз кылуу жана мекенине кайтаруу үчүн чукул чараларды көрүү зарылдыгын белгиледи.

Коопсуздук кеңешинин катчысы ошондой эле кырдаал турукташканга чейин Жакынкы Чыгыштагы кырдаалга күнү-түнү тынымсыз мониторинг жүргүзүүнү тапшырды.

Тышкы иштер министрлигине тобокелдик зонасында жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын абалын жана санын тактоо, ошондой эле аларды коопсуз жерлерге убактылуу жайгаштыруу жана зарыл болгон учурда чыр-чатак аймагынан чукул эвакуациялоо маселелерин иштеп чыгуу тапшырылды.

Мында Тышкы иштер министрлигинин жана чет өлкөдөгү мекемелердин базасында жарандарга чукул жардам көрсөтүү жана консультация берүү үчүн “ыкчам байланыш” телефондорунун иши үзгүлтүксүз улантылышы керек.

“Биз согуш жүрүп жаткан аймактагы жана аба мейкиндигинин жабылышынан улам аэропорттордо калып калган жарандарыбыздын коопсуздугун камсыз кылышыбыз керек. Бул биздин түздөн-түз милдетибиз”, - деп жыйынтыктады Коопсуздук кеңешинин катчысы Адилет Орозбеков.