MUHAMET MALO мелдеши жыйынтыкталды: Кыргызстандын капчыгында 9 медаль
Новость

25-февралдан 1-мартка чейин Албаниянын борбору Тирана шаарында  спорттук күрөш боюнча MUHAMET MALO-2026 атындагы экинчи рейтингдик турнири болуп өттү. Аталган мелдешке Кыргызстандын атынан жалпы 28 балбан катышып, эркин күрөш, грек-рим күрөшү жана кыз-келиндер күрөшү боюнча күч сынашты.

Мелдештин жыйынтыгында балбандар жалпы 9 медаль жеңип алды.

Эркин күрөш боюнча:

Эрназар Акматалиев (70 кг чейин) - алтын медаль;

Орозобек Токтомамбетов (74 кг чейин) - күмүш медаль;

Залкарбек Табалдиев (70 кг чейин) - коло медаль.

Кыз-келиндер күрөшү боюнча Кыргызстандын атынан катышкан төрт спортсмендин бардыгы медаль тагынышты:

Айпери Медет кызы (76 кг чейин) -алтын медаль;

Нурзат Нуртаева (72 кг чейин) – күмүш медаль;

Мээрим Жуманазарова (68 кг чейин) - күмүш медаль; 

Гүлнур Таштанбекова (65 кг чейин) - коло медаль.

Грек-рим күрөшү боюнча:

Раззак Бейшекеев (72 кг чейин) - коло медаль;

Үзүр Жусупбеков (97 кг чейин) - коло медаль.