Баткенде чек араны тосуу иштери кайра башталды
Новость

Баткен облусундагы кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесинде инженердик иштер кайра жанданды. Бул тууралуу президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн Баткен районунун Ууч жергесинде чек араны тосуу иштери башталды. Курулуш иштерине Мамлекеттик чек ара кызматынын, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин, Коргоо министрлигинин жана Ички иштер министрлигинин аскер кызматкерлери тартылган. Курулушка керектүү бардык техника жана жабдуулар толук даяр экени айтылды.

Белгилей кетсек, 2025-жылы чек араны инженердик тосуу иштери дээрлик 150 чакырым аралыкта аткарылган. Ал эми 2026-жылы Баткен облусунда 200 чакырым чек ара тилкесин тосуу пландалууда. Анын ичинен Баткен району боюнча 65 чакырым, Лейлек району боюнча 135 чакырым тосулат. Мындан тышкары, Ош облусунда дагы 70 чакырым чек араны тосуу каралган.

Жалпысынан 2025–2026-жылдары 420 чакырым кыргыз-тажик чек арасын демаркациялоо мерчемделүүдө.