Ош облусунда ишкерлердин укуктарын коргоо боюнча жолугушуу өткөрүлдү
Новость

Ош облусунун прокуратурасы тарабынан укук коргоо, фискалдык жана башка мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана банк мекемелеринин жетекчилеринин катышуусунда ишкерлер менен жолугушуулар өткөрүлдү.

Башкы прокуратура билдиргендей, жолугушууларда ишкердик субъекттердин укуктарын коргоо, бизнеске мыйзамсыз кийлигишүүгө жол берилбестиги белгиленип, мыйзам бузуу фактылары аныкталган учурда тиешелүү чаралар көрүлөрү маалымдалды.

Ошондой эле үстүбүздөгү жылдын аягына чейин пландан тышкаркы салыктык текшерүүлөргө тыюу салынганы түшүндүрүлдү.

Мындан тышкары, “Бизнес коргоо” мобилдик тиркемеси жана proverka.gov.kg маалыматтык системасы тууралуу маалымат берилип, жеңилдетилген насыялар жана салыктык жеңилдиктер боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Жыйынтыгында ишкерлер өз суроолоруна жооп алышып, алардын мыйзамдуу укуктарын коргоо иши мындан ары да улантылары белгиленди.