Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н. Жапаровдун эвакуациялык каттамдарды уюштуруу боюнча тапшырмасын аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Сауд Арабия Падышалыгындагы Элчилиги тарабынан тийиштүү иш-чаралар жүргүзүлүп, анын жыйынтыгында Flynas авиакомпаниясы менен 2026-жылдын 4-мартынан тарта Жидда – Ош багыты боюнча каттамдарды кайра жандандыруу боюнча макулдашуу жетишилди.
Каттамдар жумасына үч жолу – дүйшөмбү, шаршемби жана жума күндөрү аткарылат. Ошондой эле Жидда – Бишкек багыты боюнча аба каттамдарын жумасына үч жолу кайра жандандыруу боюнча иштер улантылууда.
Министрлик жана Кыргыз Республикасынын чет өлкөдөгү мекемелери Жакынкы Чыгышта жүргөн Кыргыз Республикасынын ар бир жаранынын коопсуздугун жана мекенине аман-эсен кайтып келишин камсыз кылуу үчүн бардык зарыл чараларды көрүүнү улантууда.