Нарында мамлекеттик туу жана Ак калпак күнү белгиленди
Новость


Бүгүн, 3-март күнү Нарын шаарында мамлекеттик туунун 34 жылдыгы жана Ак калпак күнү салтанаттуу белгиленип, атуулдук ырлар менен коштолду. 
Иш-чарага шаардык бийлик өкүлдөрү жана  мекеме кызматкерлери, жаштар, окуучулар катышты. 

Анда калаа башчысы  Жайнак Немат уулу мамлекеттик туунун 34 жылдыгы жана ак калпак күнү менен куттуктап, кыргыз мырзалардын башынан ак калпак түшпөй, уюткулуу кыргыз элинин тарыхы уланып, мамлекеттик туубуз түбөлүк желбирей беришин тилек кылды.  

Мамлекеттик туубуз – миңдеген жылдардан бери сакталып келе жаткан байыркы тарыхыбыздын жана эгемен мамлекеттүүлүгүбүздүн ажырагыс бөлүгү.

Туу- 1992-жылы 3-мартта  бекитилип, Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган. Авторлору: Э. Айдарбеков, Б. Жайчыбеков, С. Иптаров, Ж. Матаев, М. Сыдыков. 
Мамлекеттик туу 2023-жылдын 22-декабрында өзгөртүлгөн. 2024-жылдын 8-январында Ала-Тоо аянтында расмий түрдө илинген.

Ал эми  5-март- Ак калпак күнү Жогорку Кеңеш тарабынан  2016-жылы кабыл алынган.

Максаты -улуттук баш кийимдин маанисин сактоо, сыйлоо, улуттук салттарды  колдоо жана элдин кыргыз  маданиятына болгон сезимин ойготуу болуп саналат.