Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков Арстанбек Дүйшеев атындагы Кыргыз ветеринария илим-изилдөө институтуна иш сапары менен барды.
Маалыматка ылайык, министр институттун материалдык-техникалык базасы, заманбап лабораториялары жана илимий изилдөөлөрүнүн негизги багыттары менен таанышты. Ошондой эле ветеринардык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу кеңири маалымат алды. Иш-чаранын алкагында адистер менен тармактагы актуалдуу маселелер, аларды чечүү жолдору жана илим тармагындагы көйгөйлөр талкууланды.
Эрлист Акунбеков өз сөзүндө ветеринария тармагын өнүктүрүү, илимий изилдөөлөрдүн сапатын жогорулатуу жана инновациялык ыкмаларды өндүрүшкө киргизүү мамлекеттин артыкчылыктуу багыттарынын бири экенин белгиледи.
Белгилей кетсек, аталган институт республикадагы ветеринардык медицина боюнча алдыңкы илимий борборлордун бири. Ал жаныбарлардын, балыктардын, канаттуулардын жана аарылардын саламаттыгын коргоо, жугуштуу оорулардын алдын алуу жана диагностикалоо, ошондой эле өлкөнүн азык-түлүк, биологиялык жана экологиялык коопсуздугун камсыз кылуу багытында маанилүү милдеттерди аткарып келет.


