Нарында «Кур-Терек» көмөк чордонунун курулушу башталды
Новость

Нарында 110/35/10 кВ «Кур-Терек» көмөк чордонунун курулушу башталды. Бул тууралуу Энергетика министрлиги билдирди.

Бул долбоор «Эки өлкө — эки парк» алкагында курулуп жаткан төрт өнөр жай ишканасы, турак жай комплекстер жана социалдык объектилерди үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыз кылууга багытталган.

Курулуш иштерин жүргүзүү үчүн учурда «Кур-Терек» тилкесинде убактылуу 400 кВА кубаттуулугу бар трансформатордук көмөк чордон орнотулду. 2025-жылга карата капиталдык курулуш планына 110/35/10 кВ «Кур-Терек» көмөк чордонун жана узундугу 10,42 чакырымды түзгөн 110 кВ аба чубалгысын куруу киргизилген.

Бул жаңы объект аймактагы энергетикалык жүктөмдү азайтып, келечекте Нарындын энергосистемасын чыңдоого шарт түзөт. Мындан тышкары, МИК тарабынан курулуучу турак жай комплекстерин жана реконструкцияланып жаткан «Нарын» аэропортун электр тармагына кошууга мүмкүнчүлүк ачылат. Курулуш иштерин «Кыргызстан УЭТ» ААК өз каражаттары менен каржылоодо, объектти пайдаланууга берүү 2026-жылдын аягына пландалган.