БАЭде жүргөн 360 кыргыз жараны Оман аркылуу кайтарылат
Новость

Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык, 2026-жылдын 4-мартынан 5-мартына караган түнү Бириккен Араб Эмирликтеринде жүргөн кыргыз жарандарын мекенине кайтаруу үчүн Оман Султандыгы аркылуу эки репатриациялык каттам уюштурулат. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Айрым техникалык кыйынчылыктарга жана аймактагы татаал кырдаалга карабастан, Министрлик жана дипломатиялык өкүлчүлүктөр коопсуз аба коридорун макулдашууга жетишти. Миссиянын алкагында эки каттам аркылуу болжол менен 360  жаран (ар биринде 180 жүргүнчү) мекенине кайтарылат. Бул каттамдарда аялдарга, балдарга жана карыларга артыкчылык берилет.

Процессти координациялоо Тышкы иштер министрлиги тарабынан КР чет өлкөдөгү мекемелери жана тиешелүү мамлекеттик органдар менен биргеликте камсыздалат.

Кыргыз жарандарынын коопсуздугун камсыз кылуу жана мекенине кайтаруу боюнча аракеттер уланууда жана өлкө жетекчилигинин тыкыр көзөмөлүндө.