Кечээ, 3-мартта Кыргыз Республикасынын Стамбул шаарындагы Башкы консулу Чыңгыз Токтобеков Стамбул Соода палатасынын башчысы Шекиб Авдагич мырза менен жолугушту.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргыз Республикасы менен Стамбул шаарынын ортосундагы соода-экономикалык кызматташууну активдештирүү маселелерин талкуулашты.
Башкы консул Чыңгыз Токтобеков акыркы эки жылда эки өлкөнүн ортосундагы товар жүгүртүүнүн өсүү динамикасын белгилеп, Кыргыз Республикасынын инвестициялык жана туристтик мүмкүнчүлүктөрү менен тааныштырды. Ошондой эле кыргыз тараптын ишкердик байланыштарды кеңейтүүгө жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдар экенин маалымдады.
Өз кезегинде Стамбул Соода палатасынын башчысы Шекиб Авдагич Стамбулдун компаниялары менен Кыргыз Республикасынын ишкер чөйрөлөрүнүн ортосундагы өз ара пайдалуу кызматташууну өнүктүрүү үчүн максималдуу күч-аракетин жумшоого даяр экенин билдирди.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар туруктуу иш байланыштарды сактап турууга жана мындан аркы кызматташууну өнүктүрүүгө макулдашты.

